Соода министри ДСУнун реформаланышын талап кылды

Муш ДСУнун Женевадагы штаб-квартирасында өткөрүлгөн 12-министрлер конференциясында сүйлөгөн сөзүндө жаңы типтеги коронавирустан (Ковид-19) кийин дүйнөлүк экономикалык өнүгүү, глобалдык азык-түлүк кризиси жана ДСУ реформасынын күн тартибине токтолду.

1842239
Соода министри ДСУнун реформаланышын талап кылды

Соода министри Мехмет Муш Дүйнөлүк Соода Уюмунун (ДСУ) структурасын реформалоого чакырды.

Муш ДСУнун Женевадагы штаб-квартирасында өткөрүлгөн 12-министрлер конференциясында сүйлөгөн сөзүндө жаңы типтеги коронавирустан (Ковид-19) кийин дүйнөлүк экономикалык өнүгүү, глобалдык азык-түлүк кризиси жана ДСУ реформасынын күн тартибине токтолду.

Ковид-19нун алгачкы күндөрү ар бир өлкө сыяктуу Түркияга да терс таасирин тийгизгенин белгилеген Муш: «Профилактикалык экономикалык жана социалдык саясаттардын аркасында Түркия өткөн жылы 11 пайыз жана быйылкы жылдын биринчи чейрегинде 7,3 пайыздык өсүү менен күчтүү калыбына келди»,-деп өз баасын берди.

Муш, Ковид-19дун күтүлбөгөн кесепеттери жана аймактык чыңалуулардын глобалдык экономикалык депрессияга алып келгенин белгилеп: «Глобалдык көйгөйлөр глобалдык чечимдерди талап кылат. Ошондуктан биз медициналык жана геосаясий кризистердин глобалдык экономикалык жана азык-түлүк кризисине айланышынын алдын алуу үчүн чогуу иштешибиз керек»,-деди.

Мехмет Муш, учурдагы глобалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн ДСУнун борборунда эрежелерге негизделген, эркин, болжолдуу, адилеттүү жана камтыган көп кырдуу соода системасынын кабыл алынышы керектигин баса белгилеп: «Түркия катары биз ДСУнун реформасы пост-пандемия мезгилинин көптөн күткөн жана эң маанилүү күн тартибинин бири экенине ишенебиз. Биз тез арада так максаттар жана конкреттүү иш пландары менен камтыган жана тең салмактуу реформа процессин башташыбыз керек»,-деп чакырды.

Муш дагы бир реформа күн тартиби катары Дүйнөлүк соода уюмунун мыйзамдарынын бүгүнкү күндөгү глобалдык соода шарттарына ылайык жаңыланышы керектигин, эң соңунда ДСУнун глобалдык кыйынчылыктарга дагы эффективдүү чечимдерди сунуш кылышы керектигин айтты.

Министр Муш катышуучу өлкөлөрдү глобалдык айыл чарба соодасынын агымын жеңил жана оңой кылуу үчүн аракет кылууга чакырды.



Тектеш кабарлар