Антальяга келген туристтердин саны 1 миллиондон ашты

Деңизи, куму жана күнү, тарыхый жана табигый кооздуктары менен дүйнөнүн төрт бурчунан туристтерди өзүнө тарткан Анталья жыл бою конокторун тосуп алууну улантууда.

1817209
Антальяга келген туристтердин саны 1 миллиондон ашты

Дүйнөнүн эң маанилүү туризм багыттарынын бири катары эсептелген Антальяга аба жолу менен келген турист саны 23-апрелге карата 1 миллиондон ашты.

Деңизи, куму жана күнү, тарыхый жана табигый кооздуктары менен дүйнөнүн төрт бурчунан туристтерди өзүнө тарткан Анталья жыл бою конокторун тосуп алууну улантууда.

Эпидемияга карабастан, Жер Ортолук деңиз бассейниндеги чет өлкөлүк атаандаштарынан көбүрөөк чет элдик конокторду кабыл алган шаар 2022-жылды жагымдуу сандар менен баштады.

Анталья губернаторлугунун Маданият жана туризм башкармалыгынын маалыматына караганда 1-январдан 23-апрелге чейин Антальяга аба жолу менен келген саякатчылардын саны 1 миллион 18 миң 246 болду.

Өткөн жылы эпидемиядан улам 9 миллионго жакын турист менен сезон жабылган шаарда туризм активдүүлүгү өткөн жылга салыштырмалуу өстү. Өткөн жылдын 4 айында 412 миң 729 туристти кабыл алган Анталья, быйылкы жылдын ушул эле мезгилинде 147 пайыздык өсүшкө жетишти. Апрель айында эле өсүш 245% түздү.

Шаарда туристтик активдүүлүк мындан ары да күчөйт деп күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар