Кургатылган жемиш импортунда кургатылган өрүк алдыга чыкты

Түркиянын экспорттогон салттуу айыл чарба продукцияларынан кургатылган өрүк, кургатылган жемиш экспортунда мурунку сезонго караганда 33 пайызга өстү.

1816532

Эгей экспортчулар ассоциациясынан алынган маалыматка караганда Түркиянын кургатылган өрүк экспорту 2021-жылдын 1-августунан тарта 2021-22 сезону башталгандан бери мурунку сезонго салыштырмалуу 33 пайызга өсүп 229 миллион доллардан 306 миллион долларга жетти.

Ушул эле мезгилде кургатылган жемиш экспортунда жылдар бою лидер болгон мейиз экспорту мурунку сезонго караганда 2,6 пайызга өсүп, 283 миллион доллардан 290 миллион долларга жогорулады.

Кургатылган өрүк эң көп  45,1 миллион доллар менен Америка Кошмо Штаттарына экспорттолду.

Бул өлкөдөн кийин 28,1 миллион доллар менен Франция жана 25 миллион доллар менен Германия турат.

Тектеш кабарлар