Түркиянын экспорту январь айында өстү

Түркиянын статистикалык мекемеси, январь айына карата тышкы сооданын болжолдуу көрсөткүчтөрүн жарыялады.

1786846
Түркиянын экспорту январь айында өстү

Түркиянын экспорту январь айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 17,2 пайызга өстү.

Түркиянын статистикалык мекемеси, январь айына карата тышкы сооданын болжолдуу көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Буга ылайык экспорт январь айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 17,2 пайызга өсүп 17 миллиард 587 миллион долларга жетти.

Январь айында экспорт боюнча кайра иштетүү өнөр жайынын үлүшү 93,3 пайызды, айыл чарба, токой чарба жана балык чарба тармагынын үлүшү 4,1 пайызды, тоо-кентармагынын үлүшү 2,1 пайызды түздү.

Германия январь айында Түркиянын экспортунда биринчи орунду алды. Бул өлкөгө 1 миллиард 618 миллион долларлык экспорт жасалды.

Германиядан кийин 1 миллиард 221 миллион доллар менен АКШ, 1 миллиард 25 миллион доллар менен Италия, 948 миллион доллар менен Британия жана 883 миллион доллар менен Ирак ээледи. Биринчи 5 өлкөгө жасалган экспорттун көлөмү, жалпы экспорттун 32,4 пайызын түздү.



Тектеш кабарлар