Стамбулга келген турист саны

Стамбулга келген туристтердин арасында 102 220 турист менен ирандыктар биринчи орунда турат.

1741452
Стамбулга келген турист саны

Стамбулга ай сайын келген туристтердин саны октябрь айында 1 миллион 152  771ге жетип, акыркы эки жылдын эң жогорку санына жетти.

Стамбул облустук маданият жана туризм башкармалыгынын маалыматына караганда, жылдын 10 айында шаарга келген чет элдик турист саны 6 миллион 982 691 болду.

Октябрь айында Стамбулга 1 миллион 152 771 турист келди.Турист саны октябрь айында өткөн жылдын  ушул эле  айына салыштырмалуу 116 пайызга өстү.

Стамбулга келген туристтердин арасында 102 220 турист менен ирандыктар биринчи орунда турат. 



Тектеш кабарлар