Фрида Калонун автопортрети рекорддук баага сатылды
"New York Times" гезити портретти Аргентинадагы бир музейдин ээси сатып алганын жазып чыкты.
20-кылымдын эң маанилүү сүрөтчүлөрүнүн бири Фрида Калонун «Диего жана мен» аттуу автопортрети АКШнын Нью-Йорк шаарында аукциондо 34,9 миллион долларга сатылды.
Бул көрсөткүч менен мексикалык сүрөтчү Фрида Кало өзүнүн рекордун жаңыртып, эмгектери эң кымбат баага сатылган Латын Америкалык сүрөтчү наамын жеңип алды.
Фрида Калонун 1949-жылы бүтүргөн эмгегинде, өзү сыяктуу атактуу сүрөтчү Диего Ривера менен үйлөнгөнү чагылдырылган.
Сүрөттө Калонун чекесинин ортосунда Риверанын кичинекей элеси бар.
Sotheby's аукцион үйү бул сүрөттү "Калонун аукционго коюлган эң маанилүү эмгектеринин бири" деп атаган.
"New York Times" гезити портретти Аргентинадагы бир музейдин ээси сатып алганын жазып чыкты.
Тектеш кабарлар
Түрк лососунун экспорту өстү
Саффет Калёнжу, аймактан 19 өлкөгө 8 миң 633 тонна түрк лосось балыгы экспорттолгондугун айтты.