Тоо-кен өнөр жай продукциясынын экспорту көбөйдү

Бул тууралуу Түркия экспортчулар ассамблеясынын (TIM) маалыматы жарыяланды.

1728172
Тоо-кен өнөр жай продукциясынын экспорту көбөйдү

Тоо-кен өнөр жай продукциясынын экспорту октябрь айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 18,4 пайызга өсүп, 393 миллион 981 миң доллардан 466 миллион 287 миң долларга чыкты.

Түркия экспортчулар ассамблеясынын (TIM) маалыматына караганда Түркиянын октябрь айында экспорту өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 19,2 пайызга өсүү менен 19 миллиард 77 миллион доллар, ал эми ошол эле мезгилде тоо-кен өндүрүшүнүн экспорту 153 өлкөгө 466 миллион 287 миң долларды түздү.

Сектордун экспорту акыркы 12 айда 5 миллиард 763 миллион доллар болсо, 10 айда жалпы экспорт өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 44,5 пайызга өсүп 4 миллиард 852 миллион 157 миң долларга жетти.

Өткөн айда тоо-кен өнөр жайы эң көп экспорттогон өлкө Кытай болду. Октябрь айында Кытайга 96 миллион 163 миң долларлык экспорт жасалды.

Кытайдан кийин 52 миллион 784 миң доллар менен Америка, 30 миллион 846 миң доллар менен Болгария, 25 миллион 737 миң доллар менен Испания, 22 миллион 40 миң доллар менен Швеция жана 18 миллион 332 миң доллар менен Италия орун алды.



Тектеш кабарлар