Антальяга келген турист саны 5 миллиондон ашты
2021 - жылы январь айынан бери Антальяга эң көп турист жиберген өлкөлөрдүн арасында биринчи орунду 34, 61 пайыз менен Россия алды.
Дүйнөнүн эң негизги туризм борборлорунун арасында орун алган Анталья тосуп алган турист саны 50 миллиондон ашты.
Табигый, тарыхый жана маданий байлыктары менен Жер Ортолук деңиздин көзгө көрүнүктүү борбору болгон жана тосуп алган турист саны жактан «Туризмдин борбор шаары» деп аталган Антальяда 2021 - жылы туризм маалыматтары кубантууда.
Бүткүл дүйнөнү таасири астына алган Ковид - 19 эпидемиясы процессинде маданият жана туризм министрлиги тарабынан баштатылган "Ишенимдүү туризм сертификация программасы» Антальяда ийгиликтүү ишке ашырылууда.
2020 - жылы 1 - январь жана 27 - август мезгилинде өлкө тышынан 1 миллион 428 943 адам Антальяга келди. Бул жылдын ошол эле мезгилинде аба жолу аркылуу келген турист саны 253 пайызга өсүп, 5 миллион 50 миң 701ге жетти.
2021 - жылы январь айынан бери Антальяга эң көп турист жиберген өлкөлөрдүн арасында биринчи орунду 34, 61 пайыз менен Россия алды. Россиядан кийин 20, 59 пайыз менен Украина, 11, 95 пайыз менен Германия жана 5, 39 пайыз менен Польша келди.
Тектеш кабарлар
Түркиянын өнөр жай өндүрүшү өстү
Түркиянын статистика мекемеси (TUIK) өнөр жай өндүрүшү индексинин жыйынтыгын жарыялады.