Соода министри Пекжан Түндүк Македониянын экономика министри менен жолугушту

Соода министрлигинде өткөрүлгөн делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдө, Түркия менен Түндүк Македониянын ортосундагы соода-экономикалык карым-катнаштарды өнүктүрүү жана тереңдетүү темалары талкууланды.

1579932
Соода министри Пекжан Түндүк Македониянын экономика министри менен жолугушту

Соода министри Рухсар Пекжан, ар түрдүү сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Түркияга келген Түндүк Македониянын экономика министри Крешник Бектеш менен жолугушту.

Соода министрлигинде өткөрүлгөн делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдө, Түркия менен Түндүк Македониянын ортосундагы соода-экономикалык карым-катнаштарды өнүктүрүү жана тереңдетүү темалары талкууланды.

Жыйында эки өлкөнүн ортосунда 2001-жылдан бери иштеп келе жаткан жана соода мамилелерине олуттуу салым кошкон Эркин соода келишимин жаңыртып тейлөө чөйрөсүн да камтый тургандай түрдө кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо чечими кабыл алынды.

Эки өлкөнүн кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү каралган жолугушуунун жүрүшүндө инвестицияларды көбөйтүүгө чакырылды.

Ошондой эле, ушул жылдын аралыгында Биргелешкен экономикалык комиссиянын жыйынын жана жылдын биринчи жарымында инвестициялык форум өткөрүү боюнча да макулдашылды.

Экинчи жагынан, түрк компанияларынын Түндүк Македониядагы энергетикалык долбоорлорго көбүрөөк катышуусу темасы дагы талкууланды.



Тектеш кабарлар