Кытайга бара турган экспорттук поезд Грузияны көздөй узатылды

Карс темир жол станциясында операциялары аяктаган 45232 номердүү поезд Грузиянын Ахылкелек шаарына жөнөдү.

1574331
Кытайга бара турган экспорттук поезд Грузияны көздөй узатылды

Түркиядан Кытайга жол тарткан бор жүктөлгөн экспорттук поезд Карс шаарынан Грузияга узатылды.

Кечээ борбор шаар Анкарадан салтанаттуу иш-чара менен жөнөтүлгөн жана Кытайга бара турган бор элементи жүктөлгөн 45232 номердүү поезди Анкара, Кайсери, Сивас жана Эрзурум каттамдары менен Сарыкамыш району аркылуу Карс темир жол станциясына жетти.

Карс темир жол станциясында операциялары аяктаган 45232 номердүү поезд Грузиянын Ахылкелек шаарына жөнөдү.

Eti Maden İşletmeleri башкы директорлугу тарабынан Кытайга экспорттоло турган бор кени 42 контейнер менен Кытайдын Сиань шаарына жеткирилет.

Бор жүктөлгөн поезддин ички сапары Анкара-Сивас-Карс маршруту боюнча болуп, Грузия-Азербайжан-Каспий деңизинен өткөндөн кийин Кытайда аяктайт.

Бордун Кытайга сапары 12 күнгө созулат.

Сапар учурунда 2 континент, 2 деңиз жана 5 мамлекеттен өтөт.

Поезд, Түркияда 2 миң 323 чакырым, Грузияда 220 чакырым, Азербайжанда 430 чакырым, Каспий деңизинде, 420 чакырым, Казакстанда 3 миң 200 чакырым жана Кытайда 2 миң 100 чакырым болуп жалпы 8 миң 693 чакырым жолду басып өтөт.



Тектеш кабарлар