Украинанын авиакомпаниясы Түркия менен биргелешип учак чыгарууну каалайт

Украинанын Антонов авиакомпаниясынын башкы менеджери Олександр Лос,Түркиядагы ири ишканаларды кыдырып чыккандарын айтты.

1486272
Украинанын авиакомпаниясы Түркия менен биргелешип учак чыгарууну каалайт

Украинанын Антонов авиакомпаниясынын башкы менеджери Олександр Лос, Түркиядагы өнүмгө багытталган мамиледен таасирленгенин жана түрк авиация тармагынын AN-178 учактарын чыгаруу процессинде орун алышы керектигин айтты.

Өткөн жумада Украинанын премьер-министринин орун басары жана Стратегиялык өнөр жай министри Олег Уруский башында турган делегациясы менен Түркияга келгенин маалымдаган Лос: «Визиттер мен үчүн сабак болду. Биз Түркиядагы кеме куруучу жайларда болдук. Мен Түркияда жасалып жаткан амфибиялык кемелерди абдан жактырдым»,-деп айтты.

Түркиядагы ракета тармагы жана Байкар компанияларына барышканын айткан Лос: «Мен бул жерде өнүмгө багытталган ыкмадан абдан таасирлендим. Биз дагы бул ыкманы Антоновдо колдонуудабыз»,- деди.

Түркия менен Украинанын авиация тармагындагы мамилелери 2013-жылы AN-158 үчүн башталганын эске салган Лос: «Биз ошондон бери түркиялык кесиптештерибиз жана досторубуз менен тыгыз байланышта болуп келгенбиз. Ошентип, эми жогорку жетекчилер AN-178 учагын биргелешип чыгаруу боюнча өнөктөштүктү талкуулай алышат»,деген  баасын берди.

Коргоо жаатында өлкөлөрдүн ортосунда өнүгүп келе жаткан мамилелери бар экендигин белгилеген Лос, «Коргоо чөйрөсүндө гана эмес, башка көптөгөн тармактарда өнөктөштүк потенциалы бар. Коммерциялык чөйрөдө, мисалы жүргүнчү ташуучу учак. Стратегиялык өндүрүштөр ​​коргонуу менен гана чектелбестен, экономика жана каржы жаатында иш алып барат»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар