Чайдын экспорту 43 пайызга өстү

январь-июль мезгилинде 102 өлкөгө чай экспорттолду.

1473494
Чайдын экспорту 43 пайызга өстү

Түркияда жылдын 7 айында чайдын экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 43 пайызга өсүп 9 миллион 131 миң 405 долларга жетти.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин  маалыматына караганда, январь-июль мезгилинде 102 өлкөгө 2 миң 325 тонна чай экспорттолду.

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде 1 миң 909 тонна чай экспорттолуп андан 6 миллион 397 миң 822 доллар киреше түшкөн.

Бельгия, Германия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы эң көп экспорт жасалган өлкөлөр болду.



Тектеш кабарлар