Эки орус турист группасы Түркияга келди

519 орус турист «туризмдин борбор шаары» Анталияга келди.

1470279
Эки орус турист группасы Түркияга келди

Түркия менен Россиянын ортосунда жаңы тип коронавируска карата көрүлгөн чаралардын негизинде токтотулган учак каттамдарынын башталышы менен 519 орус турист «туризмдин борбор шаары» Анталияга келди.

Ковид  - 19 эпидемиясынан улам март айынан бери токтотулган учак каттамдар 1 -  августта Стамбул жана Анкарага, бүгүндөн тарта да Анталия, Даламан жана Бодрумга коно баштады.

Москвадагы Шереметьево аэропортунан учкан учак саат 03:25те Анталия аэропортуна конду.

Ковид  - 19дан улам чаралар көрүлгөн аэропортко үй  - бүлөлөрү же достору менен келген туристтер учактан бет кап тагып түшүштү.

Термалдык камералардан өткөн жана белгилүү жерлерге жайгаштырылган дезинфектандар менен колдорун тазалаган туристтер паспорт жана чемодан текшерүүлөрүнөн кийин сервистер менен кала турган мейманканаларына алып барылды.

Аэропорттон чыккан орус туристтер : «Түркияны жана Анталияны сагындык, салам Түркия»,- деген сөздөрдү айтышы.

Бир тараптан Москвадагы Домодедово аэропортунан 178 орус турист менен учкан учак саат 07:20да Даламан аэропортуна конду.

Күн ичинде Россиядан Даламан аэропортуна 5 каттамдын дагы ишке ашырылары белгиленди.



Тектеш кабарлар