Түркиянын автоунаа өнөр жайы өнүгүүдө
Түркия Экспортчулар Ассамблеясынын көрсөткүчтөрү.
1466884
Автоунаа өнөр жайы, өткөн айда 2 миллиард 201 миллион 411 миң доллар менен эң көп экспорт кылган сектор болду.
Түркия Экспортчулар Ассамблеясынын (TIM) көрсөткүчтөрүнө караганда, автомобиль тармагы июль айында 2 миллиард 201 миллион 411 миң долларлык экспортту ишке ашырды.
Автоунаа өнөр жайынан кийин 1 миллиард 812 миллион 845 миң доллар менен даяр кийим, 1 миллиард 582 миллион 528 миң доллар менен химиялык заттар жана буюмдар турат.
Эң көп экспорт кылган алдыңкы үч өлкө 1 миллиард 458 миллион доллар менен Германия, 963,4 миллион доллар менен Англия жана 941,5 миллион доллар менен АКШ болду.
Тектеш кабарлар
Түркиянын экспорт кирешеси өстү
Соода министри Өмер Болат Стамбулда 2024-жылдын апрель айынын тышкы соода көрсөткүчтөрүн жарыялады.