Кытай Африка өлкөлөрүнүн карыздарын кечти

Кытайдын ошондой эле Африка континентинде жаңы оорукана жана медициналык мекеме курат.

1438611
Кытай Африка өлкөлөрүнүн карыздарын кечти

Кытай Африка өлкөлөрүнүн 2020-жылдын аягына чейин төлөшү керек болгон пайызсыз насыя карыздарын кечти.

Кытайдын расмий «Global Times» гезитинин маалыматына караганда, коронавирус (Ковид-19) пандемиясына байланыштуу «Кезексиз Кытай-Африка саммитинде» сөз сүйлөгөн Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жыйында Африка өлкөлөрүнүн ушул жылдын аягында мөөнөтү бүтө турган пайызсыз насыя төлөмдөрүн кече турганын билдирди.

Кытайдын лидери Африка континентинин өз өлкөсүндө өндүрүлө турган Ковид-19 вакцинасына жетүү артыкчылыгына ээ болот деп убада берип, континентте жаңы оорукана жана медициналык мекеме кура тургандарын да айтты.

Африка өлкөлөрү, оор абалдагы экономикаларын жакшыртуу үчүн G-20 өлкөлөрүн "карыздарын кечирүүгө же кийинкиге калтырууга" чакырышты.

Жонс Хопкинс университетинин Кытай-Африка Республикасын изилдөө демилгесинин маалыматына караганда, Кытай өкмөтү жана анын банктары Африка өлкөлөрүнө 2000-2017-жылдары болжол менен 143 миллиард долларлык насыя берген.



Тектеш кабарлар