Орусия менен Сауд Арабия чийки мунай өндүрүүнү тең салмактай тургандарын сүйлөштү

Орусиянын энергетика министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында Новак менен Бин Салмандын телефон аркылуу сүйлөшкөнү белгиленди.

1416824
Орусия менен Сауд Арабия чийки мунай өндүрүүнү тең салмактай тургандарын сүйлөштү

Орусиянын энергетика министри Александр Новак менен Сауд Арабиянын энергетика министри Абдулазиз бин-Салман, глобалдык мунай базарындагы акыркы абалды сүйлөштү.

Орусиянын энергетика министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында Новак менен Бин Салмандын телефон аркылуу сүйлөшкөнү белгиленди.

Анда тараптардын Орусия жана Сауд Арабиянын мунай базарларында стабилдүүлүктүн камсыздалышы жана базарлардын кайрадан тең салмактанышын ылдамдатуу темасында бири-бирине көз карандуулуктарын бекиткендери белгиленди.

Эки министр тең Мунай экспорттогон өлкөлөр уюму (OPEC) менен OPECке кирбеген айрым мунай өндүрүүчү өлкөлөрдөн турган OPEC+ багытындагы өлкөлөрдүн бул максаттарды толугу менен колдой тургандарына ишенгендерин айтты.

Сүйлөшүүсүндө эки министрдин дүйнөдөгү берки жооптуу өндүрүүчүлөрдүн өндүрүүлөрүн ыктыярдуу түрдө азайтууга карай аракеттерин кеңешкендери белгиленди.

Сауд Арабия лидерлик кылган OPEC жана Орусиянын жол башчылыгындагы OPECке кирбеген айрым чийки мунай өндүрүүчү өлкөлөр, 1-майдан тарта жалпы чийки мунай өндүрүүлөрүн 2 ай бою күнүмдүк 9,7 миллион баррель азайтуу чечимин чыгарган.



Тектеш кабарлар