Turkish Cargo эң жогорку өсүү катышына ээ болду

Түрк аба жолдорунун басма сөз кеңешчилигинен берилген маалыматка караганда дүйнөнүн эң ылдам өскөн абадан жүк ташуу маркасы Turkish Cargo, Эл аралык аба транспорту биримдигинин 2020-жылдын февраль жыйынтыктарын бөлүштү.

1409871
Turkish Cargo эң жогорку өсүү катышына ээ болду

Turkish Cargo эң мыкты 25 абадан жүк ташуучулардын арасында эң жогорку өсүү катышына ээ болду.

Түрк аба жолдорунун басма сөз кеңешчилигинен берилген маалыматка караганда дүйнөнүн эң ылдам өскөн абадан жүк ташуу маркасы Turkish Cargo, Эл аралык аба транспорту биримдигинин (IATA) Freight Tonne Kilometres (FTK) 2020-жылдын февраль жыйынтыктарына караганда 16,6 пайыздык өсүү катышына ээ болду.

Жүк ташуучу фирма ушундайча эң мыкты 25 абадан жүк ташуучулардын арасында эң жогорку өсүү катышына ээ болду.

Аба жолу менен ташылган жүк тоннажынын өтүлгөн аралыкка көбөйтүлүшү менен алынган «FTK» көрсөткүчтөрүнө караганда 2019-жылы сегизинчи орунда турган Turkish Cargo, глобалдык абадан жүк ташуу секторунун 2,6 пайызга тарыганы көрүнгөн февраль айында 5-орунга жогорулады жана глобалдык FTK базар үлүшүн 4,4 пайызга жогорулатты.

Түрк аба жолдорунун башкаруу кеңешинин төрагасы Илкер Айжы: «Turkish Cargoнун көрсөткөн ийгилиги, өлкөбүздү абадан жүк ташуу секторунда дүйнөнүн борборуна айлануу үчүн чечкиндүү болгонубузду көрсөтүүдө. Ошондуктан Ковид-19 пандемиясынан кийин геополитикалык абалыбыз жана мүмкүнчүлүктөрүбүз абадан жүк ташуу секторунда өлкөбүздү дагы маанилүү оюнчу абалына алып барат»,-деди.

 Улуттук абадан жүк ташуу маркасы жаңы типтеги корнавирус (Ковид-19) процессинде азык-түлүк, жардам материалдары, бет кап, медициналык шаймандар жана дары-дармек ташып глобалдык камсыздоо чынжырынын үзүлбөөсү үчүн операцияларын 7/24 улантууда.

Turkish Cargo, апрель айында 4 миң тонна дары-дармек жана 500 тонна медициналык каражат ташыды.



Тектеш кабарлар