Түркиянын үчүнчү бургулоочу кемеси Мерсиндин Ташужу жээгине келди

Фатих Дөнмез, «Кануни» деп аташкан үчүнчү бургулоочу кемесинин бүгүн эртең менен Мерсиндин Ташужу жээгиндеги темир аянтына жектенин жарыялады.

1378515
Түркиянын үчүнчү бургулоочу кемеси Мерсиндин Ташужу жээгине келди

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, «Кануни» деп аташкан үчүнчү бургулоочу кемесинин бүгүн эртең менен Мерсиндин Ташужу жээгиндеги темир аянтына жектенин жарыялады.

Дөнмез,Твиттер барагынан бөлүшүүсүндө, Чыгыш Жер Ортолук деңизде көмүр суутек издөө жана бургулоо иштеринин дагы күчтүү түрдө жүргүзүлүүсү үчүн үчүнчү бургулоочу кеменин 31-январда кабыл алынып Түркия мунай заттары акционердик өнөктөштүгү (ТПАО) инвентарына катталганын эске салды.

«Кануни» деп аталган кеменин сүзүп жүрүүсү үчүн керектүү оңдоо, майлоо, камсыздоо жана сыноо иштеринин Улуу Британияда бүткөрүлгөндөн кийин Түркияга багыт алганын айткан министр Дөнмез: «13-мартта Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги деңиздерибизге  кирген кемебиз, бүгүн эртең менен Мерсиндин Ташужу районунун сууларындагы темир аянтына жетти. 35 ТПАО кызматкери менен Түркияга кирген «Кануни» кемесине коронавирус чара көрүүлөрүнүн алкагында кирип-чыгууларга тыюу салынат. Ковид-19 алдын алуулар тууралуу процесс бүткөрүлгөндөн кийин кемебиздин, оңдоо модернизациялоо жана өнөктүрүү иштери башталат»,-деди.

Минстр Дөнмез, Канунинин жаңы ультра терең деңиз бургулоолорун эң кыска убакта баштай турганын белгиледи.



Тектеш кабарлар