Анталья туризми 2019-жылы рекорд койду

Антальянын туризми 2020-жылы да өсүүсүн улантат.

1333672
Анталья туризми 2019-жылы рекорд койду

Антальяга аба, деңиз жана авто жолу менен 15 миллион 644 миң 108 турист келип баардык мезгилдердин рекорду коюлду.

Губернатор Мүних Каралоглу социалдык медиа баракчасынан берген маалыматында, Анталья туризминин 2019-жылы маанилүү өлчөмдө өскөнүн белгиледи.

Бул ийгиликке салым кошкондорго ыраазычылык билдирген Каралоглу: «Анталья, Газипаша аэропорттору менен катар кургактык жана деңиз жолу аркылуу 2019-жылы 15 миллион 644 миң 108 турист шаарга келди. Антальянын туризми 2020-жылы да өсүүсүн улантат»,-деп айтты.

Шаардын буга чейинки рекорду 2018-жылы 13 миллион 642 миң болгон эле.



Тектеш кабарлар