Пекжан Азербайжанга барат

Пекжан эртең Азербайжандын президенти Илхам Алиев тарабынан кабыл алынат.

1329629
Пекжан Азербайжанга барат

Соода министри Рухсар Пекжан, ар кандай сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн бүгүн Азербайжандын борбор калаасы Бакуга барат.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда Пекжан эртең Азербайжандын президенти Илхам Алиев тарабынан кабыл алынат.

Пекжан Азербайжандын вице-премьер министри Шахин Мустафаев, экономика министри Микаил Каббаров жана бажы комитетинин башчысы Сефер Мехтиев менен да эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Министр Пекжан Азербайжандын экономика министри Каббаровдун катышуусунда өтө турган тегерек үстөл жыйынына да катышат. Жыйында иш дүйнөсүнүн эки өлкөнүн ортосундагы соода жана экономикалык алакаларды бекемдөөгө карата талап жана күтүүлөрү каралмакчы.

Министр Пекжан жолугушууларынан кийин эртең өлкөгө кайтып келет.



Тектеш кабарлар