Жумуртка өндүрүүчүлөрү араб базарына багыт алды

Түркиянын негизги жумуртка өндүрүү борборлорунан болгон Афьонкарахисардан өндүрүүчүлөр Кувейт жана Бириккен Араб Эмирликтеринин базарына багытталды.

1328333
Жумуртка өндүрүүчүлөрү араб базарына багыт алды

Түркиянын негизги жумуртка өндүрүү борборлорунан болгон Афьонкарахисардан өндүрүүчүлөр Кувейт жана Бириккен Араб Эмирликтеринин базарына багытталды.

Афьонкарахисар соода жана өнөр жай палатасынын башкаруу кеңешинин төрагасы Хүснү Сертесер берген маалыматында өндүрүүчүлөрдүн апрель айынан кийин Кувейтке 15, Сирияга 3, Катар, Бириккен Араб Эмирликтери, Умман жана Бахрейн сыяктуу өлкөлөргө да жалпы 4 миллион долларлык жумуртка экспорттошкондорун белгиледи.

Башка өлкөлөрдүн да талаптарын камсыз кыла турган көлөмгө ээ экендерин баса белгилеген Сертесер : «Жумуртка өндүрүүчүлөрүбүздүн ар бир өлкөдөн келе турган талаптарды камсыз кылуу көлөмүнө ээ»,- деди.

Башмакчы тоокчулук кооперативинин төрагасы Невзат Тезжан да апрель айынан кийин жаңы базар катары эң көп Катар, Умман жана Бириккен Араб Эмирликтерине жумуртка экспорттолгондугун билдирди.



Тектеш кабарлар