Ноябрь айында 377,8 миллион долларлык асыл таш экспорттолду
Европа Биримдигине 91, 9 миллион доллар, башка Азия өлкөлөрүнө болсо 43, 6 миллион доллар асыл таш экспорттолду.
Түркия 2019 – жылы ноябрь айында 377, 8 миллион долларлык асыл таш экспорттоду.
Асыл таш экспортчулар биримдиги 2019 - жылдын ноябрь айындагы асыл таш экспортунун сандарын билдирди. Ушуга караганда ноябрь айында 377 миллион 793 миң 747 доллар асыл таш экспорттогон Асыл таш экспортчулар биримдиги 11 айда 3 миллиард 808 миллион 360 миң 829 доллар экспорттогон болду.
Ноябрь айында өлкө группаларына каралганда 147, 8 миллион доллар менен Жакынкы, Орто жана Чыгыш Азия өлкөлөрү эң көп экспорт жасалган өлкөлөр болду. Европа Биримдиги өлкөлөрүнө 91, 9 миллион доллар, башка Азия өлкөлөрүнө болсо 43, 6 миллион доллар асыл таш экспорттолду. Асыл таш экспорттоочулар биимдиги ноябрь айында өлкө базасында эң көп экспортту 94, 7 миллион доллар менен Бириккен Араб Эмирликтерине жасады. Бириккен Араб Эмирликтеринен кийин 37 миллион доллар менен Британия, 30, 3 миллион доллар менен АКШ келди.
Тектеш кабарлар
Түркиянын өнөр жай өндүрүшү өстү
Түркиянын статистика мекемеси (TUIK) өнөр жай өндүрүшү индексинин жыйынтыгын жарыялады.