Инфляцияда артка карай кетүү улантылууда.

Керектөөчү бааларынын индекси 2017 -  жылы июль айынан кийин биринчи жолу бир каанага түштү.

1281191
Инфляцияда артка карай кетүү  улантылууда.

 

Түркия Статистика Мекемеси ТҮИК сентябрь айына байланыштуу инфляция маалыматтарын билдирди. Ушуга караганда керектөөчү бааларынын индекси 2017 -  жылы июль айынан кийин биринчи жолу бир каанага түштү. Жылдык инфляция 9, 26 пайызга артка кетти.

Жаңы Экономикалык Программада билдирилген 12 пайыздык жылдын акырындагы максаттын да астына түштү.

Өндүрүүчү баа индекси болсо жылдык базада 2, 45 пайызга артка кетти.

Казына жана финансы министри Берат Албайрак маалыматтар тууралуу твиттерден берген билдирүүсүндө инфляцияда жана күндөлүк эсептин баллансындагы ийгиликтин экономиканын бардык тармактарына чагыларын айтты.

Албайрак : «Эми жаңы максатыбыз бул жетишкендиктерди сактап, инфляцияда 5 пайыздык деңгээлге кадам кадам жетүү»,- деди.



Тектеш кабарлар