Түркия АКШ, Германия,Орусия сыяктуу өлкөлөргө машина экспорттоп жатат

Машина экспортчулары биримдигинин төрагасы Кутлу Каравелиоглу, машина экспорту тууралуу жазуу түрүндө маалымат бөлүштү.

1267061
Түркия АКШ, Германия,Орусия сыяктуу өлкөлөргө машина экспорттоп жатат

Түркиянын машина экспорту 8 айда 11,6 миллиард долларга жогорулады.

Машина экспортчулары биримдигинин төрагасы Кутлу Каравелиоглу, жазуу түрүндөгү жарыясында машина секторунун алгачкы 8 айда эң көп экспортту ишке ашырган өлкө жылдын экинчи чейрегинде экономикасы 0,1 пайызга тарыган Германия болгонун билдирди.

Каравелиоглу, Германияга 1,5 миллиард доллар деңгээлинде экспортту ишке ашырган машина секторунун АКШга экспортун өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде салыштырмалуу 11,5 пайызга арттырып 876 миллион долларга жеткиргенин маалымдады.

Орусияга машина экспортунун 308 миллион долларга жеткен 8 айлык мезгилде, бул өлкөгө жөнөтүлгөн машина көлөмүнүн 21 пайызга артканына көңүл бурган Кутлу Каравелиоглу, жылдын акыркы төрт айында бул өсүүнү ылдамдатууну максаттагандарын айтты.



Тектеш кабарлар