Албайрак: "Июнь айында экономикада ашыкча пайда болот"

Казына жана каржы министри Берат Албайрак, бул тууралуу социалдык медиа барагы Твиттердеги бөлүшүүсүндө маалымдады.

1213232
Албайрак: "Июнь айында экономикада ашыкча пайда болот"

Казына жана каржы министри Берат Албайрак, Түрк экономикасынын июнь айында алгач ирет жылдык эсеп-кысап ашыкчасын бере турганын айтты.

Берат Албайрак, социалдык медиа барагы Твиттердеги бөлүшүүсүндө, май айында экспорттун 11,46 пайызга артып 16,8 миллиард доллар деңгээлинде ишке ашканын жана Республика тарыхынын айлык экспорт рекордуна жетишкенин белгилеп өттү.

Тең салмактоо процессинин жана экспорт алдыңкы планга коюлган саясаттарынын ийгилиги менен 2019-жылы Жаңы Экономика программасынын максаты болгон 26 миллиард доллардык эсеп-кысап кемчилигинин тарыхта кала турганын түшүндүргөн Албайрак, Түрк экономикасынын июнь айында алгач ирет жылдык эсеп-кысап ашыкчасын бере турганын жана бир мезгил баштала турганын, өндүрүү жана экспорт приоритеттүү экономика моделин бардык тармакта таштай турган кадамдар менен абдан күчтөндүрүп, мындан кийин эсеп-кысап кемчилиги маселесин күн тартиптен чыгара тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар