Түркия, үстү жабык күнөсканалары жаатында Европада экинчи, дүйнөдө төртүнчү орунда турат

Үстү жабык күнөсканалардагы өндүрүүнүн 94 пайызын жашылча, 5 пайызын жемиш жана 1 пайызын кооздук үчүн өсүмдүктөр түзөт.

1150855
Түркия, үстү жабык күнөсканалары жаатында Европада экинчи, дүйнөдө төртүнчү орунда турат

Түркия, 752 миң декардык үстү жабык күнөсканалары менен Европада экинчи, дүйнөдө төртүнчү орунда турат.

Үстү жабык күнөсканалардагы өндүрүүнүн 94 пайызын жашылча, 5 пайызын жемиш жана 1 пайызын кооздук үчүн өсүмдүктөр түзөт.

Ушундай түрдө 2017-жылы ишке ашкан 7,8 миллион тонналык өндүрүүнүн 7,3 миллион тоннасын жашылча, 479 миң тоннасын жемиш түзгөн. Ошол эле жылда 12,7 миллион тонна памидор өндүрүлсө, бул өндүрүүнүн 30 пайызына туура келген 3,8 миллион тонна үстү жабык аянтта өндүрүлдү.

Түркияда 70 облуста үстү жабык аянтта өсүмдүктөр өндүрүлүп жатканда, бул фирмалардын чоң бөлүмү кичине үй-бүлөнүн дыйкан чарбасы түрүндө ишин жүргүзүүдө. Өндүршкө кошкон салымы жана тыгыздыгы жагынан катары менен Анталья, Мерсин, Адана, Мугла, Айдын жана Измир алдыда турат. Бул 6 облустагы фирмалар, үстү жабык күнөсканалардын орто эсеп менен 90 пайызын ээлеген.



Тектеш кабарлар