АКШ Патриот ракеталарын Түркияга сатмай болду

АКШнын Коргонуу министрлигине (Пентагон) караштуу Коргонуу коопсуздугу кызматташтыгы агенттиги, бул сатуунун бекитилгени боюнча жазуу түрүндө маалымат берди.

1109695
АКШ Патриот ракеталарын Түркияга сатмай болду

АКШнын Мамлекеттик катчылыгы 3,5 миллиард доллар баасындагы Патриот абадан ракеталык коргонуу системасынын Түркияга сатылуусуна уруксат берди.

АКШнын Коргонуу министрлигине (Пентагон) караштуу Коргонуу коопсуздугу кызматташтыгы агенттиги, бул сатуунун бекитилгени боюнча жазуу түрүндө маалымат берди.

Анда: «Мамлекеттик катчылык, болжол менен 3,5 миллиард доллар баасындагы 80 MIM-104E башкарылышы жогорулатылган Патриот ракетасы, 60 өнүккөн жөндөмдүүлүктөгү Патриот-3 (PAC-3) ракетасы жана тийиштүү шаймандардын сатылуусун бекитүү чечимин чыгарды. Коргонуу коопсуздугу кызматташтык агенттиги, бул сатыш темасында бүгүн Конгрессти маалыматтандырды»,делди.

Айрыкча аты аталган коргонуу системасы пакетинин 4 AN/MQP-65 радар комплекти, 4 кулпулоо контрол системасы, 10 антенна жана таягыч топтору, 20 М903 учуруучу станциясы, 5 электр станциясы менен катар байланыш шаймандары, сыноо аппараттары, учуу программалары жана кошумча шаймандарынан турганы маалымдалды.

Сатуунун бекитилишинин Түркиянын авиациялык коргонуу көлөмүнө маанилүү жеңилдик алып келе турганы айтылган билдирүүдө, «Авиация жана ракета коркунучтары менен башка кол салууларга бөгөт коюу жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон коопсуз Түркия, НАТО жана Европа материгинде тынчтык жана ырааттуулукту камсыздайт»,делди.

АКШнын Мамлекеттик катчылыгынан бир жооптуу кызматкер бул тема тууралуу буларды айтты: «Түркия, аба жана ракеталык коргонуу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүп, жеринин бүтүндүгүн коргоо жана аймактык коркунучтардын алдын алуу үчүн Патриотторду колдонот. Сунушталган сатыш түрк армясынын, душмандай кол салууларга каршы коргонуу жана Түркиянын чек араларынын ичинде орун алган НАТО шериктештерин коргоо максаттуу коргонуу жөндөмдүүлүктөрүн арттырат».



Тектеш кабарлар