Түркия IMFде аткаруу директору болду

Берат Албайрак, Түркиянын 8 өлкөдөн турган Эл аралык валюта корунун  (IMF) өлкөлөр тобунун аткаруу директорлугу милдетин өткөрүп алганын жарыялады.

1068438
Түркия IMFде аткаруу директору болду

Казына жана каржы министри Берат Албайрак, Түркиянын 8 өлкөдөн турган Эл аралык валюта корунун  (IMF) өлкөлөр тобунун аткаруу директорлугу милдетин өткөрүп алганын жарыялады.

IMF жана Дүйнөлүк банктын жылдык жыйналыштарына катышуу үчүн Балиге барган казына жана каржы министри Берат Албайрак, социалдык медиа барагынан маанилүү маалыматтарды бөлүштү.

Албайрак: «Балиде глобалдык финансы мекемелеринин жана инвестиция фондддорунун жогорку рангадагы башкаруучуларынын катышуусу менен өткөрүлгөн  жыйналышта Жаңы экономикалык программабыз тууралуу баяндамабызды ишке ашырдык. Айрыкча ошондой эле глобалдык банк жана инвестиция фирмалары менен бетме-бет жыйналыштарды өткөрдүк»,деп жазды.

Министр Берат Албайрак: «Эң акырында 8 өлкөдөн турган  (IMF) өлкөлөр тобунун аткаруу директорлугу милдетин Түркия катары өткөрүп алдык»,-деди.


Этикеткалар: #Берат Албайрак , #IMF

Тектеш кабарлар