Антальядагы көл туристтерди өзүнө тартууда

Көлдүн салкын жана таптаза абасы, туптунук суусу бар.

1027503
Антальядагы көл туристтерди өзүнө тартууда

 

Антальяда Торос тоолорунун этектериндеги Дипсиз көл (түбү жок көл) туптунук суусу, балыктары жана лотос гүлдөрү менен туристтерди өзүнө тартууда.

Бул көлгө жергиликтүү эл салкындаш үчүн жана балык кармаганы барышат.

Түбү жок көл Аксеки районуна жакын жердеги Торос тоолорунун түндүк этегинде жайгашкан кереметтүү жер. Көлдүн салкын жана таптаза абасы, туптунук суусу бар.

Жергиликтүү эл жайкысын эс алып, балык кармаш үчүн айрымдары болсо лотос гүлдөрүн көргөнү барышат.

 

 



Тектеш кабарлар