Орусияга карата мөмө экпорту

Улудаг экспортчулар биримдигинен алынган маалыматка караганда бул мезгилде дүйнөлүк чемпионат оюндары ойнолгон Орусияга бул товарларды тышка сатууда өсүү болду.

1013595
Орусияга карата мөмө экпорту

Жалпы Түркияда мөмө жана жашылча экспорту январь  - июнь мезгилинде өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда көлөмү жактан 16 пайыздык өсүү менен 2 миллион 63 тонна, башка базада 23 пайыздык өсүү менен 1 миллиард 175 миллион 565 миң доллар болуп ишке ашты.

Улудаг экспортчулар биримдигинен алынган маалыматка караганда бул мезгилде дүйнөлүк чемпионат оюндары ойнолгон Орусияга бул товарларды  сатууда өсүү болду.

Орусияга экспорт көлөмү жактан 47 пайыздык өсүү менен 297 миллион 320 миң тоннадан 437 миллион 816 миң тонна, баа жагынан 70 пайыздык жогорулоо менен 187 миллион 153 миң доллардан 318 миллион 372 миң долларга чыкты.

Түркиянын был жылы июнь айынын акырына чейин өлкө тышына жиберген мөмө жана жашылча  - жемиштин 21 пайызын Орусия алды.

Орусиядан кийин 135 миллион 191 миң доллар менен Ирак жана 118 миллион 826 миң доллар менен Германия келди.

Бул жылдын биринчи жарымында эң көп экспорттолгон 5 мөмө – алма, шабдаалы, алча, өрүк менен анар болду.

Алча экспорту 61 пайызга артып 60, 8 миң, шабдаалы 43 пайызга жогорулап 64, 6 миң, өрүк 41 пайыздык өсүү менен 56, 6 миң, анар 32 пайызга артып 83, 8 миң жана алма болсо 9 пайызга артып 128, 4 миң тоннага чыкты.

Дүйнөлүк чемпионат оюндары өткөрүлгөн Орусияга бул мөмөлөрдүн тышка сатылышында маанилүү катнашта өсүү болду.

Түркиянын шабдаалыны тышка сатуусунда Орусия биринчи орунду алды. Алма, алча, өрүк жана аранда болсо Орусия эң көп товар алган  экинчи өлкө болду.

Орусияга алма экспорту 87 эсеге чыгып 38, 6 миң тонна, шабдаалы 40 пайызга жогорулап 42. 2 миң тоннага жетип, алчаны тышка сатууда 118 пайыздык өсүү менен 18, 5 миң тонна болду.

Анардын Орусияга экспорту бул жылдын 6 айында 16, 7 миң тоннага чыгып, өрүк сатууда өткөн жыл менен бирдей болуп, 20 миң тонна болуп ишке ашты.

Орусияга жасалган шабдаалы экспортунан 42 миллон, алмадан 30, 5 миллион, алчадан 25, 5 миллион, өрүктөн 17, 4 миллион жана анардан болсо 12. 5 миллион доллар киреше тапты.



Тектеш кабарлар