Стамбул биржасында жогорулоо көрүндү

Мөөнөтүнөн мурда өтүүчү шайлоо чечиминен кийин күчтөнгөн кадамдар BIST 100 индексинин 4 жумалык төмөндөөсүн токтотуп 1,2 пайызга баасын жогорулатууну камсыздады.

956686
Стамбул биржасында жогорулоо көрүндү

Стамбул Биржасында (BİST), мөөнөтүнөн мурда өтүүчү шайлоо чечиминен кийин күчтөнгөн кадамдар BIST 100 индексинин 4 жумалык төмөндөөсүн токтотуп 1,2 пайызга баасын жогорулатууну камсыздады.

Стамбул Биржасында акциялар жумалык көрсөткүчтө 4 жумага созулган төмөндөө трендин мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү чечиминин позитив таасири менен соңуна чыгарып жогорулоого өттү. BIST 100 индекси быйыл 1,2 пайызга баасын жогорулатып, 12-февраль жумасынан бери алгач ирет 1 пайыздан жогору чыкты. Индекс 109,861 балл менен башталган жумада эң төмөнкү 107,439 баллга түшүүсүнөн кийин президент Режеп Таййип Эрдогандын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү чечимин жарыялоосунан кийин  жогорулоого өтүп 112,406 баллга жетти.

Президент Эрдоган, шаршемби күнү Президенттик жана парламенттик шайлоолордун 2018-жылдын 24-июнунда боло турганын жарыялаган. Бул жарыялоодон кийин валюта курстары ылдам түрдө төмөндөп, BIST 100 индекси да төмөндөөсүн токтотту.

Серепчилер Түркиянын экономикасы жана базарларынын, бекем пайдубалдарга отурганын, динамикалык түзүлүшкө ээ болгонун белгилешип, ушул убакка дейре болгону сыяктуу мындан кийин дагы базарларга терс таасир тийгизиши күтүлбөгөнүн белгиледи.

Саясаттан камсыздала турган жаңылоо жана система өзгөрүүсү алып келе турган динамизмдин, өлкө ичиндеги базарларга оң таасир тийгизгенин айткан серепчилер, BIST 100 индексинин тарыхый туу чокуга чыгышы күн тартипке келе ала турганын айтышты.


Этикеткалар: #Стамбул Биржасында

Тектеш кабарлар