Зайтун экспортундагы ийгиликтер

Эгей экспортчулар бирикмесинин жазуу түрүндөгү жарыясы...

953512
Зайтун экспортундагы ийгиликтер

Түркиянын 2017-2018-сезонунун алгачкы жарымындагы зайтун мөмөсүнүн экспорту андан мурдагы сезондун тийиштүү мезгилине караганда 14 пайыздык өсүү менен 71 миллион 53 миң долларга жогорулады.

Эгей экспортчулар бирикмесинин жазуу түрүндөгү жарыясына караганда өткөн жылдын биринчи жарында 62 миллион 225 миң доллар болгон зайтун мөмөсүнүн экспорту, акыркы 4 сезондун эң жогорку суммасына жетип 71 миллион 53 миң доллар болду.

Түркия бул сезондо 94 өлкөгө зайтун мөмөсүн экспорттоп жатканда, эң көп экспорт 23 миллион 263 миң доллар менен Германияга ишке ашты. Бул өлкөдөн кийин Ирак жана Румыния орун алды.

Жарыяда көз караштарына орун берилген Эгей Зайтун жана Зайтун майын экспортоочулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасы Давут Эр, Түркиянын зайтун багынын саны 2002-жылдагы тигүүлөр менен 90 миллиондон, 180 миллионго жеткенин белгилеп өттү.

Эр, Түркиянын 450 миң тонна деңгээлинде болгон зайтундун мөмөсүнүн түшүмүн 1 миллион 200 миң тоннага жеткирүү жана дүйнөлүк лидер болууну максаттаганын билдирди.



Тектеш кабарлар