Самсун-Краснодар учак каттамдары

Эки шаардын ортосунда түз каттамдар башталат.

937597
Самсун-Краснодар учак каттамдары

Самсун менен Орусиянын Краснодар шаарынын ортосундагы түз учак каттамдары 3-апрелде башталат.

Самсундун шаар башчысы Юсуф Зия Йылмаз, жумасына эки жолу эки тараптуу түрдө жүргүзүлө турган каттамдардын Самсунда тышкы сооданы жандандыруу үчүн чоң мүмкүнчүлүк экенин айтты.

Самсун үчүн Орусия рыногунун маанисине токтолгон Йылмаз сөзүн мындай улантты: «Туризмчилер, саламаттык сактоо тармагынын адистери жана ишкерлер үчүн Орусия абдан маанилүү рынок болуп саналат. Ошол эле учурда өлкө менен соода кылгысы келгендер үчүн да бул учак каттамдары маанилүү мүмкүнчүлүк. Самсун Түркиянын түндүккө ачылган эң маанилүү кааалгасы. Самсун үчүн Орусия менен тышкы сооданы жандандыруу жагынан чоң мүмкүнчүлүк болгон бул каттамдар шаардын жана өлкөнүн экономикасына узак мөнөөттүү киреше алып келет. Бул темада ар кимдин колдоосуна муктаждыгыбыз бар»,-деди.

Йылмаз, Орусиядан 20 ишкерди Самсунга чакыргандарын да белгиледи.

 



Тектеш кабарлар