Cабиха Гөкчен аэропортунун жүргүнчү саны

Сабиха Гөкчен ноябрь айында 2 миллион 537 миң 353 жүргүнчүнү тосуп алды.

867800
Cабиха Гөкчен аэропортунун  жүргүнчү саны

Стамбулдагы Сабиха Гөкчен эл аралык аэропортун колдонгон жүргүнчү саны жылдын биринчи 11 айында 2016 -  жылдын ошол эле мезгилине караганда 5 пайызга артуу менен 28, 7 миллионго жетти.

Аэропорттон н берилегн маалыматка ылайык Түркиянын эң көп жүргүнчү санына ээ болгон аэропорт болгон Сабиха Гөкчен ноябрь айында 2 миллион 537 миң 353 жүргүнчүнү тосуп алды.

Ноябрь айындагы жүргүнчү санынын артышы өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 11 пайызга артты. Жылдын 11 айында болсо жалпы жүргүнчү саны 2016 -  жылдын ушул эле мезгилине караганда 5 пайызга артып 28 миллион 735 миң 134 болду. Бир тараптан тышкы каттам жүргүнчү саны жылдын 11 айында 9, 5 миллион болуп, артуу катнашы 8 пайыз болуп ишке ашты. Ички каттам жүргүнчү саны болсо 3 пайыздык артуу менен 19, 2 миллионго жогорулады.

Сабиха Гөкчен эл аралык аэропорту 2016 -  жылы 29, 6 миллион жүргүнчүгө кызмат кылган.



Тектеш кабарлар