Бодрумда круиздик туризм

Круиздик кеме ройонго онунчу жолу турист алып келди

811519
Бодрумда круиздик туризм

Мугланын Бодрум районуна «Mein Schiff- 2» аттуу круиздик кеме менен 1 миң 939 турист келди.

Грециянын Миконос аралынан келген Мальта желектүү 265 метр узундугундагы круиздик кеме, Пашатарласы жергесиндеги портко токтоду. Көпчүлүгү немистерден турган 1 миң 939 жүргүнчү менен 815 кызматкерди ташыган кеме, бул сезондо районго онунчу жолу келди.

Кемеден түшкөн жүргүнчүлөр жээкте сейилдеп басып, райондун борборун кыдырышты. Соода кылгандары менен катар айрымдары да тарыхый жерлерди зыярат кылышты.

Круиздик кеме, пландалган акыркы эки сапарын октябрь айында ишке ашырат.  



Тектеш кабарлар