Кытайда Боинг учагы интернеттен сатылууда

Учактар канчага бааланууда ?

811489
Кытайда Боинг учагы интернеттен сатылууда

Кытайда Боинг-747 үлгүсүндөгү 3 жүргүнчү учагы интернетте аукцион аркылуу сатылууда.

Кытайдагы Taobao сайтында сатууга коюлган учактар 2013-жылдан бери ангарларда турган.

Учактардын ээси «Jade Cargo International» аттуу компания ал мезгилде банкрот болгон болчу.

Шенген шаарында сот тарабынан колго алынган учактар, буга чейинки алты аукциондо сатыла алган жок.

Шенгендеги «Evening Post» гезитинин маалыматына караганда, сот биринчи жолу Боинг жүргүнчү учагынын интернетте аукцион аркылуу сатылышына буйрук берди.

Бирок бул учактарга ээ болуу үчүн 18-20 миллион долларды чөнтөктөн чыгарыш керек.

Аукцион 20-ноябрга чейин уланат.



Тектеш кабарлар