Турак жай соодасы

Түркиянын жалпысында жылдын алгачкы 4 айында 440 миң 226 турак үй сатылды

739127
Турак жай соодасы

Турак жай соодасы 2017-жылдын биринчи 4 айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 7,42 пайыз өстү.

Ири кыймылсыз мүлк долбоорлору аркылуу көп түрдүүлүк арткан жана акциялардан улам жанданган тармак, үй ээси болгусу келгендерге жана инвесторлорго жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады.

Көрсөткүчтөргө караганда Түркиянын жалпысындагы сооданын көпчүлүгү 3 чоң шаарда жүрдү.

Жылдын алгачкы 4 айында турак жай соодасынын 34,89 пайызын түзгөн Стамбул, Анкара жана Измирде 153 миң 611 үй сатылды.

Чет өлкөлүктөргө турак жай сатуу болсо өткөн жылдын апрель айына салыштырмалуу 2,7 пайыз өсүп, 1 миң 624кө жетти.

 



Тектеш кабарлар