Түркия-Орусия тарифтүү каттамдары көбөйтүлөт

Түркия менен Орусиянын ортосунда жаңы тарифтүү каттамдар башталат.

636128
Түркия-Орусия тарифтүү каттамдары көбөйтүлөт

Түркия жана Орусия Федерациясынын ортосунда кол коюлган меморандум менен Стамбулдан Жуковский жана Грозныйга, Москвадан Газипашага тарифтүү каттамдар темасында келишим түзүлдү.

Жарандык авиация башкы директорлугунун интернет барагында орун алган жарыяга караганда, Түркия жана Орусия Федерациясы тарабынан 20-21-декабрда Москвада эки тараптуу авиациялык карым-катнаштарды уюштурган жаңы макулдашуу текстине кол коюлду. Ушул алкакта Стамбулдан Жуковский жана Грозныйга, Москвадан Газипашага тарифтүү каттамдар темасында келишим түзүлдү.

Жарыяда Жарандык авиация башкы директорунун милдетин аткаруучу Бахри Кесижи жана Орусиянын транспорт министрлигинин жарандык авиация штабынын директор орун басары Сергей Сескутовдун жетекчилигинде өткөрүлгөн жыйналышта, авиация жана туризм секторуна терс таасир тийгизген кризис мезгилинен кийин авиациялык карым-катнаштарды, эки өлкөнүн ортосундагы каттамдар жана жаңы багыттардын белгилениши темаларынын каралганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар