«Fortune» журналынын тизмесинде Гүлер Сабанжы орун алды

«Эң күчтүү ишкер аялдары эл аралык тизмесинин» алдыңкы катарлары белгиленди.

569499
«Fortune» журналынын тизмесинде Гүлер Сабанжы орун алды

Гүлер Сабанжы дүйнөнүн эң күчтүү аялдарынын арасында орун алды.

Дүйнөнүн эң престиждүү иш дүйнөсү журналы «Fortune» тарабынан даярдалган «Эң күчтүү ишкер аялдары боюнча эл аралык тизмесинде» Сабанжы холдингдин башкаруу кеңешинин төрайымы Гүлер Сабанжы 7-орунду ээледи.

Журнал ошол эле учурда Гүлер Сабанжыны түшүндүргөн бир макала да даярдады. Сабанжынын бир топ жаңылыктын жарчысы болгонун белгилеген макалада ошол эле учурда алдыңкы кайрымдуу аял болгону да баса белгиленди.

Водафондун Африка, Жакынкы Чыгыш, Азия жана Тынч океан аймактары боюнча жооптуу СЕОсу Серпил Тимурай болсо тизмеге Түркиядан кирген башка бир ысым болду жана 23-орунду ээледи.

«Fortune» журналынын Америкадан сырткары өлкөлөрдөн тандап даярдаган «Эң күчтүү ишкер аялдары эл аралык тизмесинин» алдыңкы катарларында Банко Сантандердин жогорку башкаруучусу Ана Ботин, State Bank of Indiaнын төрайымы Арундати Баттачарага, Engie CEOсу Исабелла Кошер, Сингапурдан Singapore Telecommunications тобунун СЕОсу Чуа Сок Кунг жана Imperial Brands CEOсу Алисон Купер орун алды.

Тизме фирманын чоңдугу, глобалдык экономикадагы орду, фирманын ийгилиги, башкаруучунун карьерасы менен социалдык жана маданий таасирлери боюнча критериялары эске алынып жасалууда.



Тектеш кабарлар