Түркияда эс алуу

Интернетте эң көп изделген эс алуу аймагы Түркия болду.

553083
Түркияда эс алуу

Орусиялыктар интернет аркылуу эң көп издеген эс алуу аймагы Түркия болду.

Орус издөө системасы Яндекстин июль айынынын көрсөткүчтөрүнө караганда, 7 миллион 584 миң 662 издөөдө «Түркияда эс алуу» сөзү жазылды.

Орусияда түрк тилинде жарык көргөн «Газетем» гезитиндеги маалыматка караганда, Орусиянын Саякат агенттиктери биримдиги тарабынан жарыяланган билдирүүдө Түркиядагы эс алуучу жайларды издөө өткөн жылга салыштырмалуу 15,4 пайыз өскөнү белгиленди.

2016-жылдын июль айында Орусияда саякат сөзү болсо июнь айына салыштырмалуу дагы 91 миң көп болду.

Издөөлөрдө Түркия биринчи орунду ээлесе андан кийин Греция, Түштүк Кипр, Тунис, Таиланд, Абхазия, Болгария, Черногория жана Испания турат.



Тектеш кабарлар