Орусиялык туристтердин саны өстү

Анталья менен катар Бодрум жана Даламан сыяктуу аймактарга да түз каттамдар жүргүзүлүп жатат

542238
Орусиялык туристтердин саны өстү

Орусиянын саякат агенттиктери бирикмеси, акыркы мезгилде болгон окуяларга карабастан Орусиядан Түркияга карай учууларда өсүү болгонун билдирди.

Бирикменин интернет баракчасындагы билдирүүдө, орус туристтерден талап көп болгондуктан авиакомпаниялар Анталья менен катар Бодрум жана Даламан сыяктуу аймактарга да эми түз каттамдарды жүргүзүп жаткандары маалымдалды.

Орусиянын жарандык авиация мекемеси өткөн жумада, Түркияга карай каттамдарга киргизилген чектөөлөрдүн жоюлгандыгын жарыялаган болчу.

Бир тараптан Түркияга карай чартердик рейстер үчүн чектөөлөр уланып жатканда, бул теманын президент Режеп Тайип Эрдогандын Орусиянын президенти Владимир Путин менен 9-августта Санк-Петербург шаарында өткөрө турган жолугушуусунда каралышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар