Кристин Лагард твиттер аркылуу суроолорго жооп берди

Баш калкалоочу маселеси дүйнөлүк экономикага кандай таасирин тийгизет?

473834
Кристин Лагард твиттер аркылуу суроолорго жооп берди

Эл аралык валюта фондунун төрайымы Кристин Лагард социалдык бөлүшүү сайты Твиттерде бир түрк колдонуучунун суроолоруна жооп берди.

Жылдыз Кашыкчы аттуу түрк колдонуучунун: «Баш калкалоочу маселеси дүйнөлүк экономикага жакынкы мезгилде кандай таасирин тийгизет деп ойлойсуз?» деген суроосуна, Лагард: «Дүйнөлүк масштабдагы адамзаттык кризиси болгон баш калкалоочу маселесине карата эл аралык кызматташуу керек»,- деп жооп берди.

İMFтин төрайымы: «Баш калкалоочу маселеси туура каралбаса, дагы да күчөйт, эгерде туура каралса жана интеграция түзүлсө экономикалык зыяндын ордуна пайдалары деле болушу мүмкүн, ушул себептен бардык актерлор ушул темада дароо кызматташуусу керек»,-деди.



Тектеш кабарлар