Дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмеси жарыяланды

Алардын башында Майкрософттун негиздөөчүсү Билл Гейтс турат.

443057
Дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмеси жарыяланды

Экономика журналы «Форбес» дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесин жарыялады.

Жыл сайын жарыяланган тизмеде быйыл 75 миллиард доллардык байлыгы менен Майкрософттун негиздөөчүсү Билл Гейтс биринчи орунду ээледи.

Испан кийим бренди Заранын куруучусу жана ээси Амансио Ортега болсо 67 миллиард доллардык байлыгы менен экинчи болду.

Ал эми атактуу инвестор жана ишкер Уоррен Баффет 60 миллиард 800 миллион доллардык байлыгы менен үчүнчү орунду ээледи.

Төртүнчүнү 56 миллиард 600 миллион доллар менен америкалык ишкер Жефф Безос, андан кийин 47 миллиард 400 миллион доллар менен Дэвид Кох бешинчини алды.

Дүйнөдөгү эң бай аял болсо «Лореаль» косметика фирмасынын куруучусу Лилиан Бетанкур болду. Бетанкурдун жалпы байлыгы 36,1 миллиард деп эсептелди.

АКШ тизмеде дүйнөдөгү эң бай инвесторлор чыккан өлкө катары биринчи орунда. Форбестин миллиарддерлер тизмесиндеги 540 киши ушул өлкөдө жашайт.

Ал эми Кытай жаңы 70 миллиардер менен бирге тизмедеги киши санын 251ге жеткирди.



Тектеш кабарлар