Гиресун аралы кайрадан туризмге ачылды

Гиресунда туризм жанданды.

340430
Гиресун аралы кайрадан туризмге ачылды

Чыгыш Карадеңиздин адамдар жашай турчу жалгыз аралы болгон Гиресун аралы туристтердин кызыгуусун тартууда.
Аралга келген туристтер мифологиялык көрүнүштөрдү кыдырып, жакшы убакыт өткөрүп кетишет.
Өзгөчө араб туристтер көп каттаган жер болгон Карадеңиздин кооз шаары Гиресун, жашыл шибердүү аралы менен чоң кызыгуу жаратууда.
Жергиликтүү жана чет элдик туристтер Гиресун аралын сөзсүз кыдырып кетишет.
Саякат кемелери менен аралга барган туристтер Алтын Пост уламышын кайрадан жашаган болушат.
Аралда мурда жашап кеткендиги айтылган мифологиялык образдардан амазондук аялдар жана аргонавттардын согуштары чагылдырылууда.
Гиресундун губернатору Хасан Карасан Гиресун аралы кыдырууга ачылгандан кийин туризмдин жанданганын айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар