Балды капсулага киргизген жаран

Хабаб Кочал балды капсулага киргизип патент алды.

163312
Балды капсулага киргизген жаран

Ризе шаарынын тургуну балды капсулага киргизди.
Муну аткарган Хабаб Кочал өз ишин патенттеди. 4 жылдан бери улантып жаткан иштеринин натыйжасында өнүктүргөн төрт башка капсулаларга жайгаштырып, эмгектери боюнча эл аралык жана Түркиянын стандарт институтунан патент алды.
Кочал буга чейин ойлонулбаган жана ишке ашырылбаган капсуладагы бал долбоору менен ачарчылыктардан келип чыгуучу өлүмдөрдүн алдын алууга боло турганын айтты.
Ал плорин курамы жогору каштан балы менен органикалык лимон суусу жана нане жалбыз чаңынын аралашмасынан алынган товардын капсулага толтурулушу менен табигый антибиотик жасалганын белгиледи. Айтымында андагы балдын алсыз кишилерге күч кубат бергени сыяктуу арыктоого да көмөкчү болот. Автор долбоорду дүйнө жүзүндө ишин жүргүзүп жаткан бир топ ири азык-түлүк жана дары-дармек фирмалары менен бөлүшкөнүн кошумчалады.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар