«Транс Анадолу жаратылыш газ түтүк жолу» долбоору
Расмий гезитте жарыяланган долбоор күчүнө кирди.
Азербайжан газын Түркия аркылуу Европага жеткирүүнү максаттаган «Транс Анадолу жаратылыш газ түтүк жолу» долбооруна байланыштуу эл аралык келишимдер Расмий гезитте жарыяланып күчүнө кирди.
Түркия менен Европа үчүн аныкталган жаратылыш газ көлөмүн камсыздоо коопсуздугун колдогон бул долбоор, Азербайжандын жаратылыш газ булактарын жаңы базарларга жеткирилишин камсыздайт.
Ушул долбоордун алкагында эң биринчи 10 миллиард метркубу Европага, 6 миллиард метркубу болсо Түркияга берилип, жылына 16 миллиард метркубдук жаратылыш газ ташылат.
Биринчи баскычы 2018-жылы бүтүрүлүүсү пландалган долбоордо Түркия 30 пайыздык үлүшкө ээ болот.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1719246544)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.