АКШ Сирияга гуманитардык жардамдарын улантууда

Сириялыктар үчүн дагы 290 миллион доллардык жардам жөнөтүлдү.

83581
АКШ Сирияга гуманитардык жардамдарын улантууда

Америка Кошмо Штаттары Сирияга гуманитардык жардамдарын улантууда.
Вашингтон согуштан жапа чеккен сириялыктар үчүн дагы 290 миллион доллардык жардам жөнөттү.
Американын Мамлекеттик катчылыгынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, акыркы жардам менен чогуу өлкөгө жеткирилген жардамдардын жалпы наркынын 2 миллиард долларга жеткени билдирилди.
Акыркы каражаттын 135 миллион доллары азык-түлүк жардамы, калганынын болсо жарандык коомдук уюмдарга колдоо көрсөтүү үчүн бөлүнгөнү маалымдалды.
Жардамдар Сирияда жана коңшу өлкөлөрдө баш калкалаган жарандардын негизги муктаждыктары үчүн жумшалат.
290 миллион доллардык жардамдын 15 миллиону болсо Түркияга берилет.
Бул жардамдардын Кызылайдын чатырлары менен катар чатыр шаарчаларда жашаган сириялыктарга электрондук карточка менен тамак таратылууда жумшала турганы билдирилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар