Орусияга киргизилген санкциялардын таасири
Орусияга киргизилген санкциялар экономикаларга терс таасирин тийгизүүдө.
Европадагы фирмалар Европа Биримдигинин Орусияга киргизген санкцияларын арттырышын каалабайт.
Европа Биримдиги Крымдын Орусияга кошулушундагы ролу жана Украинада жикчилдерге колдоо көрсөтүүсүнүн себебинен Орусияга санкция киргизүүгө чечим чыгарган.
Санкция чечими жылдын экинчи чейрегинде таасирин көрсөтө баштады.
Көптөгөн европалык фирмалардын сатуулары жана кирешелери төмөндөп, кээ бир фирмалар санкцияларга ачык түрдө каршылык көрсөтүшүүдө.
Евро аймагынын эң чоң экономикасы Германияда санкциялардын таасири эбак эле сезиле баштаган.
Европа Комиссиясынын отчетуна ылайык, Орусияга санкциялардын дагы көп кеңейтилген учурунда Германиянын экономикалык өсүүсү быйыл 1 пайыз төмөндөшү мүмкүн.
Орусиянын Украинага газ жөнөтүүсүн токтоткон учурунда Европа Биримдиги өлкөлөрүндө улуттук дүң продукция дагы да төмөндөйт.
Экономикаларга терс таасирин тийгизген санкцияларга каршы Европада көптөгөн фирма Орусияга санкциялардын арттырылуусуна каршылык көрсөтүшүүдө.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.