Дүйнөлүк басма сөз 16.08.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Аль-Рая Аль-Катария (Катар): Талибан Кабулдагы президенттик сарайда...
Аль-Ватан (ОМАН): (Ооганстандын президенти) Ашраф Гани Ооганстандын кыйроосунун символу болуп калды.
Аль-Земан (IRAQ): Президент Режеп Тайип Эрдоган: «Ооганстанда стабилдүүлүктү камсыздоо үчүн Пакистан менен кызматташабыз»
dpa.de: Талибан Кабулга киргенин жарыялагандан кийин Германия Кабулдагы элчилигин жапканын жарыялады.
ard.de: Германиянын жана дүйнөлүк футболдун легендарлуу ысымдарынын бири Герд Мюллер дүйнө салды.
zdf.de: Афганистандын борбору Кабулдагы Германия элчилигинин кызматкерлерин жана өлкөдөгү башка немис жарандарын эвакуациялоо үчүн Германиядан биринчи учак учуп чыкты.
Le Figaro: Марокконун түндүгүндө токой өртү чыкты.
Le Monde: Француз өкмөтү Ооганстандан өз жарандарын эвакуациялоо үчүн Бириккен Араб Эмираттыгына кошумча аскердик күчтөрдү киргизди.
Le Parisien: Ковид-19: (Францияда) Эмдөө картасы менен кирүү кеминде 126 соода борборунда милдеттүү болот.
Эль Паис (Испания): Ооганстан азыр талиптердин ырайымында...
Infobae (Аргентина): Кытай эксперттерге Ухань лабораториясынан Ковид-19 вирусунун чыгып кетишин иликтебөөнү талап кылууда.
Телесур (Венесуэла): Венесуэла жер титирөөдөн жабыркаган Гаитиге 30 тонна гуманитардык жардам жөнөттү.
РИА Новости: Германиянын AfD партиясынын теңтөрагасы Йорг Мойтен Түндүк агым-2 долбоорунан чыгуу Германиянын өнүккөн индустриалдык мамлекет катары аяктоосу болорун айтты.
Известия: Украиналык саясат таануучу Юрий Романенко АКШнын Ооганстандан качышы Украина үчүн сабак болушу керек экендигин айтты.
Лента.ру: Роспотребнадзор (Россиянын Адамдардын ден- соолугу жана кардарлардын укугун коргоо агенттиги) Эпидемиялык оорулар борборунун президенти Хадижат Омарова, Ковид-19 оорусунан аман калгандардын үчтөн биринин 3-4 айдан кийин деле күнүмдүк жумуштарын аткарууда жана өздөрүнө кам көрүүдө кыйынчылык тартканын айтты.