Дүйнөлүк басма сөз 31.08.2021

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1700038
Дүйнөлүк басма сөз 31.08.2021

Аль-Кудс Аль-Араби: Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы (Мухаммед бин Заид Аль Нахаян) БАЭ (Бириккен Араб Эмираттары) -Түркия мамилелери начарлагандан бери биринчи жолу (Президент Режеп Таййип) Эрдоган менен байланышты.

Аль-Рая (Катар): Израилдин Батыш Шериадагы мыйзам бузууларын документтештирген БУУнун отчетуна караганда, 2021-жылы оккупанттардын огунан 55 палестиналык шейит болду.

Deutsche Welle: Германия 2021-жылдын 6 айында 47.400 качкынды кабыл алды.

Tagesschau: Германиянын инфляция деңгээли акыркы 28 жылдын эң жогорку деңгээлине жетти. Буга ылайык, август айында инфляциянын деңгээли 3,9 пайызды түздү.

Wiener Zeitung: Австриянын премьер-министри Себастьян Курц кызматынан кете турган Германиянын канцлери Ангела Меркель менен Берлинде акыркы жолу жолугушту. Алардын мамилеси дайыма муздак болчу.

El País (Испания): Австрия менен Польша афган качкындардын келишин чектөө үчүн Европа Биримдигинин катуу канатына лидерлик кылууда.

El Comercio (Перу): АКШ 20 жылдык согуштан кийин Ооганстандан чыгып, өлкөнү талибдерге өткөрүп берди.

La Jornada (Мексика): Мексикада Медициналык коркунучтардан коргоо боюнча федералдык комиссиясы (Кофеприс) кубалык "Абдала" вакцинасы боюнча оң пикирин берди.

Lenta.ru: Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя: «БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Ооганстан боюнча токтомуна калыс добушун бердик».

ТАСС: Орусиянын Иркутск облусундагы бир компания, Кытайга контрабандалык жол менен жыгач ташыганы үчүн сотко берилди.

Известия: Украина президентинин кеңешчиси Алексей Арестович, Орусия менен соода мамилелерин бузуу өлкөсүнө зыян алып келерин айтты: «Орусия биздин бешинчи ири соода өнөктөшүбүз».

Le Monde: 20 жылдык аскердик жайгашуудан кийин акыркы Америка аскерлери Кабулдан чыгып кетишти.

Le Figaro: Түштүк Африкада илимпоздор, мутация ылдамдыгы өтө тез болгон Ковид-19дун жаңы вариантына көз салып жатышат.

Le Matin (Швейцария): Ковид-19: АКШнын жетекчилиги өз жарандарын "Швейцарияга барбоого" чакырды.



Тектеш кабарлар